Аманкан Кенжебаев: Ош областтар аралык ооруканага 11.5 млн долларлык жабдык берилет

31.07.2026  10:02

789

Аманкан Кенжебаев: Ош областтар аралык ооруканага 11.5 млн долларлык жабдык берилет

30-июль күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев Ош областтар аралык бириккен клиникалык ооруканасына иш сапар менен барды.

Иш сапарга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ала-Тоо депутаттык тобунун башчысы Таалайбек Масабиров жана депутаттар да катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Япониянын JICA өнүктүрүү агенттиги тарабынан гранттык негизде бериле турган медициналык жабдууларды жайгаштыруу маселеси талкууланды. Анын ичинде ангиограф жана компьютердик томограф аппараттары үчүн кошумча имарат куруу пландалды.

Ошондой эле ыйгарым укуктуу өкүл жана депутаттар оорукананын капиталдык оңдоодон өткөн бөлүмдөрү менен таанышып, эмгек жамаат менен жолугушуу өткөрүштү.

Маалымдама үчүн: JICA тарабынан Ош областтар аралык бириккен клиникалык ооруканасына 31 түрдүү, 130 даана медициналык жабдык берилет. Жабдуулардын жалпы сметалык баасы 11.5 млн. АКШ долларын түзөт.

🏛️ Маалымат: КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы