Аманкан Кенжебаев Ноокат районуна иш сапар менен барды

16.12.2025  15:35

6

Аманкан Кенжебаев Ноокат районуна иш сапар менен барды

16-декабрь күнү Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаев иш сапары менен Ноокат районуна барды. Иш сапардын алкагында облус жетекчиси Т. Кулатов айыл аймагында жайгашкан “Түштүк-Кыргыз цемент” жабык типтеги акционердик коомунун өндүрүштүк ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ошондой эле Аманкан Кенжебаев Ноокат аймактык ооруканасынын Көк-Жар айылындагы филиалына курулуп жаткан 100 койкалуу жаңы имараттын курулушунун жүрүшүн көрүп чыкты. Облус жетекчиси курулуш иштери белгиленген мөөнөттөн кечеңдеп жатканын сынга алып, бул маселеге олуттуу көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

Жыйынтыгында тиешелүү жетекчилерге подрядчы уюмдун жоопкерчилигин карап чыгып, талаптарды аткарбаганы жана курулушту создуктурганы үчүн келишимди токтотуу боюнча чечим кабыл алуу зарылдыгы белгиленди.