2026-жылдын 11-март күнү Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев менен Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулердин жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасы менен Улуу Британиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана аны мындан ары өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Айрыкча аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу, чакан жана орто бизнести колдоо, айыл чарбасын модернизациялоо, туризмди өнүктүрүү жана заманбап технологияларды киргизүү маселелерине көңүл бурулду.
Өз сөзүндө Аманкан Кенжебаев Улуу Британия Кыргызстандын маанилүү эл аралык өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп, өлкөнүн социалдык-экономикалык долбоорлорун ишке ашырууда көрсөтүлүп жаткан колдоо үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ал Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы аркылуу Ош облусунун бир катар чакан шаарларында таза суу жана канализация системаларын куруу боюнча долбоорлор ишке ашырылып жатканын айтып, бул демилгелер аймактардын инфраструктурасын жакшыртууга жана калктын жашоо сапатын жогорулатууга чоң салым кошуп жатканын белгиледи.
Мындан тышкары, жолугушууда эмгек миграциясы жаатындагы кызматташтык маселелери да талкууланды. Белгиленгендей, Улуу Британиядагы айыл чарба тармагындагы сезондук жумуш программасынын алкагында Кыргызстандын жарандары ийгиликтүү эмгектенип келишүүдө. Анын катышуучуларынын басымдуу бөлүгү өлкөнүн түштүк аймактарынан, анын ичинде Ош облусунан чыккан жарандар экени айтылды.
Жолугушуунун соңунда тараптар эки тараптуу кызматташууну мындан ары да кеңейтүүгө жана жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.