4-декабрда, 3-декабрь — Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын эл аралык күнүнө карата Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев облустун аймагында жашаган бир катар мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын үйүнө барып кабар алды.
Иш-чаранын алкагында ал алгач Өзгөн районунун тургуну, 1996-жылы төрөлгөн 1-топтогу майыптыгы бар Руслан Кадыровдун абалынан кабар алды. Облус жетекчиси баласын караган жалгыз бой эне Эльмира Кадырова менен сүйлөшүп, алардын социалдык муктаждыктары жана жашоо-тиричилиги менен таанышып, өзүнүн белектерин тапшырды. Руслан Кадыровго ай сайын 8000 сом өлчөмүндө жөлөк пул, ал эми апасына жеке ассистент кызматы үчүн 7681 сом төлөнөрү белгиленди.
Андан кийин ыйгарым укуктуу өкүл Кара-Кулжа районуна барып, Кара-Кулжа айыл аймагынын тургуну Гүлжигит Тагаевдин үйүндө болду. 1976-жылы туулган, төрт баланын атасы Гүлжигит Тагаев 9 жылдан бери коляскага муктаж болуп, 1-топтогу майыптык боюнча эсепте турат. Аманкан Кенжебаев ага да майрамдык белектерин тапшырып, жылуу каалоо-тилектерин билдирди.
Өз сөзүндө облус жетекчиси майыптыгы бар жарандар дайыма жергиликтүү бийликтин көңүл чордонунда болорун, аларга материалдык жана социалдык колдоо көрсөтүү улантыларын баса белгиледи.
Белгилей кетсек, Ош облусунда бүгүнкү күндө 34 миң 881 майыптыгы бар жаран жашайт. Буга байланыштуу облуста атайын бир айлык жарыяланып, аймактарда майыптыгы бар адамдарды колдоо боюнча ар кандай иш-чаралар өткөрүлүүдө.