Аманкан Кенжебаев Литва Республикасынын Башкы консулу Шаруне Кубилюте менен жолугушту

12.03.2026  11:52

6

Аманкан Кенжебаев Литва Республикасынын Башкы консулу Шаруне Кубилюте менен жолугушту

12-март күнү Ош шаарында Литва Республикасынын Ардактуу консулдугунун расмий ачылышынын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев Кыргыз Республикасындагы резиденциясы Алматы шаарында жайгашкан Литва Республикасынын Башкы консулу Шаруне Кубилюте жана Литва Республикасынын Ош шаарындагы Ардактуу консулу М.А. Орумбаев менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Литва Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги, ошондой эле региондор аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алышты.

Өз сөзүндө Аманкан Кенжебаев Ош шаарында Литва Республикасынын Ардактуу консулдугунун ачылышы эки мамлекеттин ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелерди мындан ары чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгиледи. Ошондой эле ал М.А. Орумбаевди Литва Республикасынын Ош шаарындагы Ардактуу консулу болуп дайындалышы менен куттуктап, бул жооптуу ишмердүүлүктө ийгиликтерди каалады.

Жолугушууда Ош облусунун экономикалык жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди. Айрыкча айыл чарба тармагындагы потенциал, экологиялык жактан таза айыл чарба продукцияларын өндүрүү, аларды кайра иштетүү, ошондой эле туризм тармагын өнүктүрүү боюнча мүмкүнчүлүктөр белгиленди.

Тараптар соода‑экономикалык байланыштарды кеңейтүү, инвестиция тартуу, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, туризмди өнүктүрүү, билим берүү, маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо багыттарында кызматташууну активдештирүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан ары да эки өлкөнүн региондорунун ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендиктерин белгилешти.