Аманкан Кенжебаев КМДБнын Ош облусундагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Султанали ажы Гапуров менен жолугушту

14.01.2026  14:37

24

Аманкан Кенжебаев КМДБнын Ош облусундагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Султанали ажы Гапуров менен жолугушту

14-январь күнү Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын (КМДБ) Ош облусундагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу (казы) Султанали ажы Гапуров менен жолугушту.

Жолугушууда облус аймагындагы диний кырдаал талкууланып, мындан аркы кызматташтыкты чыңдоо боюнча пикир алмашылды. Ошондой эле мечиттердин абалын жакшыртуу, каттоодон өтө элек мечиттердин документтерин тездетүү жана бир айылда бир нече мечит ачылышы ынтымакка терс таасирин тийгизип калбашы керектиги белгиленди.

Жолугушуунун соңунда облус башчысы Султанали ажыга ишине ийгилик каалап, дин кызматкерлери менен тыгыз иштөөгө даяр экенин билдирди. Өз кезегинде казы Аманкан Кенжебаевди жаңы кызмат орду менен куттуктап, ак батасын берди.