18-декабрда Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев облустук мекеме-ишканалардын жана укук коргоо органдарынын жетекчилери менен биргеликте Кара-Суу районунун тургундары менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууга райондун ар кайсы аймактарынан 300дөн ашуун жаран катышты. Иш-чаранын башында Кара-Суу районунун 2025-жылы аткарылган иштер боюнча кеңири маалымат берилди.
Андан соң Аманкан Кенжебаев эл менен учурашып, жолугушуу суроо-жооп форматында уланды. Облус башчысы жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрүн жана сунуш-пикирлерин угуп, ар бир суроого жеке жооп берүүгө аракет кылды.
Жарандар негизинен таза суу, жолдордун абалы, тазалык, мектептер жана бала бакчалар, эски ооруканалардын имараттарын жаңылоо, билим берүү тармагы, электр энергиясы, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга көрсөтүлүүчү жардам, пенсия жана жөлөк пул сыяктуу социалдык маселелер боюнча суроолорду көтөрүштү.
Көтөрүлгөн маселелер боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери жеринде жооп беришип, айрым маселелер дароо чечилсе, калгандары боюнча тиешелүү мекемелерге так тапшырмалар берилди.