18-декабрда Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев кезектеги иш сапары менен Кара-Суу районуна барды.
Иш сапардын алкагында облус жетекчиси Ала-Тоо айыл аймагына караштуу Кашкар-Кыштак айылында курулуучу борборлоштурулган канализация системасынын долбоору менен таанышып, тиешелүү маалыматтарды алды.
Андан соң Кара-Суу шаарындагы Темир жол бекетинде жайгашкан топ базага барып, объекттин учурдагы абалы жана алдыда ишке ашырылуучу долбоорлор боюнча маалымат алды. Облус жетекчиси аталган аймакты өнүктүрүү жана андагы жаралган көйгөйлөрдү чечүү боюнча өз сунуш-пикирлерин билдирди.
Мындан тышкары, Кара-Суу шаарындагы Кара-Суу эл базарына таандык 13 гектар жер тилкесин соода-логистикалык борборго трансформациялоо маселесин жеринен көрүп, бул багытта жаралган көйгөйлөрдү чечүү жолдорун жана логистиканы заман талабына ылайык курууга көмөктөшүү жагын тиешелүү жетекчилер менен талкуулады.
Ошондой эле облус жетекчиси Кара-Суу шаарынын Эркин айылында жайгашкан кампада сакталган уулуу заттарды башка аймакка көчүрүү маселеси менен таанышып, коопсуздук талаптарын сактоо зарылдыгын белгиледи.
Иш сапардын соңунда Аманкан Кенжебаев Савай айыл аймагынын Савай айылында жайгашкан, Өзбекстан Республикасы менен чектеш «Ынтымак» өткөрмө пунктуна барып, аны ишке киргизүү маселесин талкуулап, тиешелүү жетекчилерге конкреттүү тапшырмаларды берди.