15-декабрда Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаев Ноокат районуна караштуу Кара-Кой эс алуу аймагына иш сапары менен барып, Кыргыз-Ата мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагында жайгашкан Калдай участкасында жашаган 70ке жакын үй-бүлө менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө облус жетекчиси тиешелүү мекеме-уюмдардын жетекчилери менен биргеликте Калдай участкасынын тургундарынын көп жылдан бери чечилбей келе жаткан көйгөйлөрүн укту. Жергиликтүү тургундар жашап жаткан турак жайларына менчик укугун тастыктаган мамлекеттик актыларды (кызыл китеп) алуу жана жер тилкелерин мыйзамдаштыруу маселелерин көтөрүштү.
Аманкан Кенжебаев маселени чечүү боюнча өз сунуш-пикирлерин билдирип, жергиликтүү жетекчилер менен жеринде талкуу жүргүздү. Жыйынтыгында Калдай участкасынын башкы планын эки айдын ичинде иштеп чыгуу жана анын негизинде тиешелүү чечимдерди кабыл алуу тууралуу макулдашууга жетишилди.
Ошондой эле облус башчысы Кара-Кой эс алуу аймагын өнүктүрүү боюнча долбоор менен таанышып, учурда жүрүп жаткан саркынды суу тазалоочу курулманын курулуш иштеринин жүрүшүн көрүп чыкты.