Аманкан Кенжебаев Чоң-Алайга көчмө жеке кабыл алуу үчүн барат

05.10.2026  16:25

47

Аманкан Кенжебаев Чоң-Алайга көчмө жеке кабыл алуу үчүн барат

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин калк менен иштөөсүн жакшыртуу жана жарандарды жеке кабыл алууну уюштуруу боюнча» №181 Жарлыгынын негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев Чоң-Алай районунун тургундарын көчмө жеке кабыл алат.

📅 6-октябрь, саат 10:00дө

📍 Өткөрүлүүчү жер: Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын имараты.

Кабыл алууда жарандардын кайрылуулары, көйгөйлөрү жана сунуштары түздөн-түз угулуп, аларды чечүү боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт.

🏛️ Маалымат: КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы