9-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев Чоң-Алай районуна болгон иш сапарынын алкагында жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, элдик жыйын өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө облус башчысы райондун социалдык-экономикалык абалы, мамлекеттик программалардын аткарылышы жана келечектеги өнүгүү пландары боюнча маалымат берди. Ошондой эле эл тарабынан берилген суроолорго жооп берип, алардын көйгөйлөрүн угуп, сунуштарын кабыл алды.
Жергиликтүү тургундар жол курулушу, айыл чарба, сугат суу, тоо-кен ишмердүүлүгү, мектеп, жер тилкеси, көпүрө, техника сатып алууга көмөктөшүү сыяктуу бир катар социалдык жана инфраструктуралык маселелерди көтөрүшүп, тиешелүү сунуш-пикирлерин билдиришти.
Аманкан Кенжебаев жыйында көтөрүлгөн ар бир маселеге жеке жооп берип, эл тарабынан айтылган көйгөйлөрдүн айрымдарын жеринде чечсе, айрымын көзөмөлгө алынып, тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте каралып, мүмкүнчүлүккө жараша чечимдер кабыл алынаарын белгиледи.
Белгилей кетсек, элдик жыйынга Чоң-Алай районунун ар кайсы аймактарынан 300дөн ашуун тургун катышты.