Аманкан Кенжебаев Чоң-Алай районунда бир катар социалдык объектилердин абалы менен таанышты

09.12.2025  16:29

9

Аманкан Кенжебаев Чоң-Алай районунда бир катар социалдык объектилердин абалы менен таанышты

9-декабрда, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев иш сапары менен алыскы Чоң-Алай районуна барды. Облус жетекчиси иш сапарынын жүрүшүндө район аймагындагы курулуп жаткан бир катар социалдык жана өндүрүштүк объектилердин абалы менен таанышты.

Иш сапар Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн Дароот-Коргон айылында жаңыдан курулуп жаткан 50 орундуу «Жаш-Келечек» балдар бакчасынын курулушун кароо менен башталды. Учурда бакчанын дубалдары тургузулуп, чатыры жабылган. Эшик-терезелери орнотулуп, сырткы шыбак иштери жүргүзүлгөн. Объекттин курулушу ушул жылы башталып, жалпы сметалык баасы 36 миллион сомдон ашат. Облус жетекчиси имарат менен таанышып чыгып, курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруп, объектти өз убагында пайдаланууга берүү боюнча тапшырмаларды берди.

Андан соң облус башчысы Сары-Таш – Кара-Мык унаа жолунун 116-чакырымындагы дамбанын абалы менен таанышып, Дароот-Коргон айылында курулушу дээрлик аяктап калган муниципалдык мал союучу жайга барды. Маалым болгондой, бүгүнкү күндө мал союучу жайдын курулушу 95 пайызга аткарылып, ички жабдуулар орнотулган. Курулуш иштери ушул жылдын июнь айында башталып, райондук өнүктүрүү фондунан 24 миллион сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. Облус жетекчиси мал союучу жайды көрүп чыгып, аны натыйжалуу иштетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан тышкары, Аманкан Кенжебаев Чоң-Алай райондук жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жана лабораториясынын курулуш долбоору менен таанышты. Аталган имараттар 1978-жылы ашар ыкмасы менен салынган жана учурда эскилиги жетип, заманбап талаптарга жооп бербей калган. Буга байланыштуу жалпы сметалык баасы 117 миллион 477 миң сомду түзгөн жаңы долбоор иштелип чыгып, жер иштери башталган.

Ошондой эле иш сапардын алкагында облус жетекчиси «Чоң-Алай көмүр» мамлекеттик ишканасынын базасына барып, ишкананын ишмердүүлүгү жана учурдагы көйгөйлөрү менен таанышты. Жолугушууда көмүр продукциясын экспортко чыгаруу маселеси талкууланып, бул багытта колдоо көрсөтүлөрү белгиленди.

Белгилей кетсек, «Чоң-Алай көмүр» мамлекеттик ишканасы 2022-жылы ишмердүүлүгүн баштаган. Ишкананын жылдык өндүрүштүк кубаттуулугу 150 миң тоннага чейин болсо, быйыл ушул күнгө чейин 62 миң тоннадан ашуун көмүр өндүргөн.