Аманкан Кенжебаев Араван районунда бир катар социалдык жана өндүрүштүк долбоорлор менен таанышты

17.12.2025  15:42

4

Аманкан Кенжебаев Араван районунда бир катар социалдык жана өндүрүштүк долбоорлор менен таанышты

17-декабрь күнү Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев иш сапары менен Араван районуна барды.

Иш сапардын алкагында облус жетекчиси Керме-Тоо айыл аймагындагы Жаңы-Жол участкасында “АРИС” уюму тарабынан ишке ашырылып жаткан таза суу долбоорунун жүрүшү менен таанышты. Долбоордун алкагында 27 чакырым таза суу түтүгү тартылып, 1500 куб метрлик суу кампасы курулууда. Жалпы наркы 400 миллион сомдон ашкан долбоор 2026-жылдын март айында аяктайт.

Андан соң облус жетекчиси Керме-Тоо айыл аймагындагы Кен-Сай массивинде жаралып жаткан көйгөйлөр менен таанышып, тиешелүү маалымат алып, маселелерди ыкчам чечүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле Керме-Тоо айыл аймагындагы өндүрүш зонасында курулуп жаткан 9 өндүрүш ишканасындагы иштердин жүрүшүн көрдү. Жалпы 90 гектар аянтта жайгаша турган бул ишканалар текстиль, курулуш материалдары, кайра иштетүү, айыл чарба продукцияларын таңгактоо жана экспортко багытталган өнөр жай тармактарын камтыйт. Учурда ишканалардын курулуш иштери кызуу жүрүүдө.

Мындан тышкары, облус жетекчиси Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун (ФУГИ) карамагында турган “Ак-Була” базарынын 12 гектар жер аянтына барды. Маалыматка ылайык, аталган жер тилкеси райондун карамагына өткөрүлсө, Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу көп кабаттуу турак жайларды курууга, заманбап соода борборлорун жана гипермаркеттерди жайгаштырууга, ошондой эле айрым мамлекеттик мекемелерди көчүрүүгө шарт түзүлмөк.

Андан ары облус башчысы С. Юсупова айыл аймагында 8 гектар жер тилкесинде Мамлекеттик ипотекалык компания (ГИК) аркылуу көп кабаттуу турак жай куруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты. Баштапкы долбоорго ылайык, бул аймакта 1100 батир куруу пландалууда. Долбоор ишке ашса, калктын турак жайга болгон муктаждыгын азайтууга олуттуу салым кошулмак. Облус жетекчиси жергиликтүү бийликтин демилгесин колдой турганын билдирди.

Ошондой эле Дөбө-Көргөн аймагында “Бай-Элим” компаниясы тарабынан курулуучу соода-логистикалык борбордун жер аянты жана Достук айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан, учурда кароосуз калган Чарбак санаторийинин абалы менен таанышты.