Аманкан Кенжебаев Алымбек датка жана Курманжан датканын күмбөзүнө зыярат кылды

29.12.2025  15:32

1

Аманкан Кенжебаев Алымбек датка жана Курманжан датканын күмбөзүнө зыярат кылды

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев Жогорку Кеңештин депутаттары менен бирге Кара-Суу районунун Датка айыл аймагында жайгашкан Сары мазарга барып, кыргыз элинин улуу инсандары — Алымбек датка менен Курманжан датканын күмбөзүн зыярат кылып, куран окуп, дуба кылды.

Зыяраттын алкагында облус башчысы жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, учурда көрүстөндүн толуп калгандыгына байланыштуу аны башка жайга жылдыруу зарылдыгын белгилеп, бул багытта жер тилкесин бөлүү маселесин чечүү үчүн жергиликтүү бийликке тиешелүү тапшырмаларды берди.