10-декабрда Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев иш сапары менен Алай районуна барды. Иш сапардын алкагында облус жетекчиси район аймагында курулуп жаткан бир катар социалдык жана өндүрүштүк объектилердин абалы менен таанышты.
Иш сапар Гүлчө шаарындагы №2 Т. Отунчиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде курулуп жаткан 275 орундуу кошумча окуу корпусу жана спорт залы менен таанышуудан башталды.
Учурда билим берүү мекемесинде заманбап талаптарга жооп берген кошумча имараттын курулушу жүрүп, биринчи кабаты тургузулууда. Курулуш иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Объекттин жалпы сметалык баасы 217 млн 885 миң 496 сомду түзөт.
Белгилей кетсек, Т. Отунчиев атындагы орто мектеп учурда үч кабаттуу бир корпусу менен 640 орунга ылайыкталган. Бүгүнкү күндө бул мектепте 1 миң 470 окуучу билим алууда. Облус жетекчиси курулуш иштерин ыкчам жүргүзүү менен бирге сапатына өзгөчө көңүл бурууну эскертип, жаңы шарттар окуучулардын билим деңгээлин жогорулатууга багытталуусу зарыл экенин белгиледи.
Андан соң Аманкан Кенжебаев Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылындагы мурдагы асфальт-бетон заводунун ордуна жаңыдан курула турган асфальт-бетон заводунун пландоо иштери менен таанышты. Бул долбоор Гүлчө шаарындагы муниципалдык менчикке таандык 6,81 гектар жер тилкесинде инвестиция тартуу жолу менен, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк мыйзамынын алкагында ишке ашырылат.
Завод пайдаланууга берилгенден кийин Гүлчө шаарынын ички жолдорун асфальттоого шарт түзүлүп, кошумча жумуш орундар ачылат.
Мындан тышкары, облус жетекчиси Гүлчө шаарындагы Гүлчө дарыясынын жээгинде жайгашкан кооптуу тилкелерди коргоо максатында дамба куруу долбоорунун баштапкы пландары менен таанышты. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү суу тосмо куруу боюнча маалымат берип, долбоорду тездетүү жана каржылоо маселелери талкууланды.