Алымбек датканын 225 жылдыгына арналган эл аралык айтыштын тандоо туру өтүүдө

11.09.2025  16:56

5

Алымбек датканын 225 жылдыгына арналган эл аралык айтыштын тандоо туру өтүүдө

11-сентябрь күнү, Ош облусунун Алай районунда Алымбек датка Асанбий уулунун 225 жылдык мааракесине арналган эл аралык деңгээлдеги акындар айтышынын тандоо баскычы өтүүдө. Иш-чара Алай райондук маданият үйүндө өтүп жатат.

Айтыштын тандоо турун Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев көрүп, акындарга ийгилик каалады.

Тандоо айтыш алым сабак форматында жүрүп, анын жыйынтыгында 16 кыргыз акыны иргелип чыгат. Жарым финалда алар 4 казак акыны менен күч сынашат. Андан соң калыстар тобу тарабынан упай эсебинин негизинде жогорку көрсөткүчкө жеткен 8 акын финалдык турга жолдомо алышат.

Иш-чаранын негизги максаты — улуттун эркиндиги үчүн күрөшкөн тарыхый инсан Алымбек датканын басып өткөн даңктуу жолун эскерүү, анын баатырдыгын жаш муундарга үлгү кылуу, ошондой эле кыргыз элинин байыркы төкмөлүк өнөрүн даңазалап, өнүктүрүүгө салым кошуу.

Финалдык айтыш 12-сентябрда Алай районундагы Алымбек датканын жайлоосунда өтөт. Байге фонду — 6 миллион сом.