Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев иш сапары менен Алай районунун эң алыскы айылдарынын бири болгон Сары-Могол айылында болду. Иш сапардын алкагында ал айылда жүрүп жаткан бир катар социалдык курулуш объектилери менен таанышып чыкты.
Облус башчысы алгач республикалык бюджеттин каражаты менен курулуп жаткан эки кабаттуу, 140 орундуу жаңы бала бакчанын курулушу менен таанышты. Учурда имараттын үстү жабылып, терезелер орнотулуп, ички жасалгалоо иштери жүрүүдө. Эльчибек Джантаев курулуштун сапатына өзгөчө көңүл буруп, иштин ыргагын тездетүүнү тапшырды.
Андан соң Сары-Могол айылында алгачкы ирет курулуп жаткан муниципалдык жатакананын курулуш иштери менен таанышты. Жалпы наркы 16 миллион 500 миң сомду түзгөн бул объекттин 12 миллион сому облустук өнүктүрүү фондунан каржыланган. Учурда курулуш иштери 80 пайызга жакын аяктаган.
20 орундуу жатакана жыл сайын аймакка агылып келген туристтер үчүн ыңгайлуу шарт түзүп берүү жана жергиликтүү бюджетти толуктоо максатында курулууда..