Алайда Алымбек датканын 225 жылдык мааракесине даярдыктар кызуу жүрүүдө

01.09.2025  15:49

150

Алайда Алымбек датканын 225 жылдык мааракесине даярдыктар кызуу жүрүүдө

Алай районунда Кокон хандыгынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Алымбек датканын 225 жылдык мааракесине карата даярдыктар кызуу жүрүп жатат. Бул маараке Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июнундагы №482-т тескемесине ылайык улуттук деңгээлде белгиленмекчи.

Учурда Чыйырчык ашуусуна Алымбек датка менен Курманжан датканын эстеликтери орнотулуп, иштер соңуна чыгууда. Ошондой эле Алай районундагы эс алуу бактары, музей жана маданият үйү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, дээрлик даяр болду.

Бүгүн, 1-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлдөрү жана Ош облусунун башчысы Эльчибек Джантаев Алай районуна иш сапар менен барып, иш-чаралар өтө турган жерлерди кыдырып чыгышты. Жумушчу топко иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча так тапшырмалар берилди.

Белгилеп кетсек, маараке 11–12-сентябрда өтүп, анын алкагында театрлаштырылган көрсөтүүлөр, гала-концерт, эл аралык “Айтыш” сынагы, улуттук оюндар жана көргөзмө-жарманкелер сыяктуу бир катар маданий иш-чаралар уюштурулат.