Алайда Алымбек датканын 225 жылдыгына арналган эл аралык айтыш жыйынтыкталды

12.09.2025  14:02

5

Алайда Алымбек датканын 225 жылдыгына арналган эл аралык айтыш жыйынтыкталды

12-сентябрда, Алай районунун Калама жайлоосунда Алымбек датканын 225 жылдык мааракесине арналган эл аралык айтыштын финалдык туру өттү.

Финалга чыккан 8 жуп акындын арасынан Чыңгызхан Кожошев мыкты чыгып, гран-принин жеңип алды.

Жыйынтыгында:

• 3-орун – Жылдызбек Төрөканов (200 миң сом),

• 2-орун – Кутман Садыбакасов (300 миң сом),

• 1-орун – Изат Айдаркулова (500 миң сом) болуп бөлүштүрүлдү.

Иш-чарага Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов, Ош облусунун башчысы Эльчибек Джантаев, Жогорку Кеңештин депутаттары, чет элдик коноктор жана жергиликтүү тургундар катышып, жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшырышты.