Алай районунда Алымбек датканын 225 жылдыгына арналган “Шырдак” көргөзмөсү өттү

11.09.2025  10:51

66

Алай районунда Алымбек датканын 225 жылдыгына арналган “Шырдак” көргөзмөсү өттү

2025-жылдын 11-сентябрында Ош облусунун Алай районундагы Курманжан датка тарыхый-этнографиялык музейинде Алымбек датка Асанбий уулунун 225 жылдык мааракесине арналган “Шырдак” көргөзмөсү уюштурулду.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатиев, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, Жогорку Кеңештин депутаттары жана расмий коноктор катышып, улуттук кол өнөрчүлүктүн мурасы болгон шырдактар менен таанышышты.

Көргөзмөнүн негизги максаты – кыргыз элинин байыркы салттуу кол өнөрчүлүгүн даңазалоо жана кийинки муундарга жеткирүү. Шырдак жасоо өнөрү кыргыздын турмушундагы маанилүү маданий мурас катары эсептелет.