Алай командасы көк бөрү мелдешинде чемпион болду

11.09.2025  15:53

52

Алай командасы көк бөрү мелдешинде чемпион болду

Алай районунда Алымбек датка Асанбий уулунун 225 жылдыгына арналган облустук көк бөрү мелдешинин финалдык беттеши өттү. Анда Алай-1 командасы Кара-Кулжа командасын 3:2 эсебинде утуп, чемпиондук наамга ээ болду.

Иш-чарага Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев катышып, оюнчуларды куттуктап, жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшырды.

Мелдешке жалпы 8 команда катышып, жыйынтык төмөнкүдөй болду:

• 1-орун: Алай-1 — 600 миң сом

• 2-орун: Кара-Кулжа — 400 миң сом

• 3-орун: Өзгөн — 200 миң сом

• 4-орун: Ноокат — 100 миң сом

Ал эми калган командаларга 50 миң сомдон берилди.