КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын имаратынын жыйындар залында «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ачык акционердик коомунун түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгына карата иш-чара болуп өттү.
Иш-чаранын алкагында Ош облусунда камсыздандыруу жаатында жыл ичинде жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы чыгарылып, бул багытта жемиштүү эмгек кылып, олуттуу салым кошкондугу үчүн ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары жана жети райондун мамлекеттик администрация башчылары — акимдер ардак грамота жана ыраазычылык каттар менен сыйланышты.