Айыл өкмөттөргө бодо малды жасалма жол менен уруктандыруучу 34 жаңы пункт жабдуулар тапшырылды

24.07.2025  09:51

70

Айыл өкмөттөргө бодо малды жасалма жол менен уруктандыруучу 34 жаңы пункт жабдуулар тапшырылды

Ош облусунда Дүйнөлүк банктын «Туруктуу агрокластерлерди өнүктүрүү» долбоорунун алкагында бодо малды жасалма жол менен уруктандыруучу 34 жаңы пункт жабдуулар менен камсыздалды. Иш-чарага Президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев катышып, айыл аймак башчыларына жабдууларды тапшырды.

Саамалык Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү борбору (ААК) тарабынан Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен биргеликте ишке ашырылууда.

Жаңы пункттар үчүн ар бир жабдуулар комплектине Дьюар идиши, шприц катетери, термостат-дефростер жана термометр кирет. Ар бир комплекттин баасы — 37 500 сом, жалпы 160 комплектке 6 миллион сом сарпталды. Мындан тышкары, уруктандыруучу техниктерге атайын формалар (жилет жана кепка) берилди.

Жабдуулар айыл өкмөттөрдүн жана мэриялардын балансына өткөрүлүп, тиешелүү адистерге убактылуу колдонууга берилет. Техник кызматын токтоткон учурда, жабдуу аймактык ветеринардык кызматтын макулдугу менен башка адиске өткөрүлөт.

Иш-чара жасалма уруктандыруу кызматын кеңейтүүгө жана мал чарбасын өнүктүрүүгө багытталган.