Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаев үч эм төрөгөн энеге 100 миң сом тапшырды.
2026-жылдын 20-февралында Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарында Өзгөн районунун Кароол айыл аймагына караштуу Мырза-Арык айылынын тургуну Мавлюда Бердигулова үч эмди жарык дүйнөгө алып келген.
Облус башчысы үч эмдин үйүнө барып, эне менен ымыркайлардын ден соолугун сурап, 100 миң сом тапшырды.
Мавлюда Бердигулова үч кыз төрөгөн. Ымыркайлардын учурдагы салмагы 1800, 2220 жана 2320 граммды түзөт. Дарыгерлердин маалыматына караганда, алардын абалы жакшы.
Наристелерге Аиша, Айчырай жана Адинай деген ысымдар берилген. Алар 4-март күнү төрөт стационарынан үйүнө чыгарылган.