Ош шаарында Бабур атындагы мамлекеттик өзбек академиялык музыкалык драма театрында айыл чарба тармагын колдоо жана фермерлердин билим деңгээлин жогорулатуу максатында «Агро Караван – 2026» маалыматтык-тажрыйбалык жарманкеси өттү.
Иш-чара Фергана өрөөнүндө ирригация тармагындагы өнөктөштүк (FVIPP) долбоорунун алкагында уюштурулуп, ага Ош облусунун башчысынын биринчи орун басары Илияз Ташбаев, Helvetas уюмунун Борбордук Азиядагы аймактык директору Эндрю Уилсон, ишкерлер жана дыйкан-фермерлер катышты.
Илияз Ташбаев өз сөзүндө бүгүнкү иш-чара жөн гана көргөзмө эмес, айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган тажрыйба алмашуу, билимди тереңдетүү жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу аянтчасы экенин белгиледи. Анын айтымында, «Агро Караван – 2026» жарманкесинин негизги максаты – фермерлерди заманбап сугат технологиялары менен тааныштыруу, жеткиликтүү каржылык продуктылар тууралуу маалымат берүү, ошондой эле өндүрүүчүлөр, каржы институттары, консультанттар жана компаниялар ортосунда түз байланыш түзүүгө көмөктөшүү.
Белгилей кетсек, 2025-жылга карата облуста 400 гектардан ашуун аймакка заманбап сугат системаларын киргизүү иштери жүргүзүлүп, 2026-жылга чейин бул көрсөткүчтү 600 гектарга жеткирүү пландалууда.