А. Кенжебаев Ноокатта курулуп жаткан жер семирткич чыгаруучу заводдун курулушу менен таанышты

23.01.2026  15:51

24

А. Кенжебаев Ноокатта курулуп жаткан жер семирткич чыгаруучу заводдун курулушу менен таанышты

Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаев Ноокат районуна болгон иш сапарынын алкагында Т. Кулатов айыл аймагында курулуп жаткан органикалык айыл чарба жер семирткичтерин чыгаруучу заводдун курулушу менен таанышты.

Маалыматка ылайык, аталган долбоор «Органикалык жер семирткичтердин технопаркы» деп аталып, курулуш иштери төрт этап менен жүргүзүлөт. Учурда биринчи этаптын курулушу 50 пайызга жакындап, завод курула турган аянтка электр линиялары тартылып, трансформатор орнотулуп жана инвесторлор тарабынан жабдууларды орнотууга шарт түзгөн атайын имарат салынган. Кытай инвесторлору тарабынан, 2024-жылдын 25-ноябрында 15 млн АКШ долларлык жабдуулар келип түшүп, учурда алар орнотулуп бүтүп калган.

Өндүрүштү 2025-жылы ишке киргизүү пландалган, бирок айрым себептерден улам курулуш жумуштары созулуп кеткен. Облус жетекчиси инвесторлордун өкүлүнөн курулуш иштери боюнча кенен маалымат алып, жаралган маселелерди талкуулады.

Белгилей кетсек, заводдун биринчи этабы ишке кирсе, жылына 100 миң тонна органикалык жер семирткич өндүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт жана жаңы жумуш орундар пайда болот.

Заводдун жалпы долбоордук наркы — 260 млн доллар. Долбоор төрт этап менен ишке ашырылат.