Ош улуттук драма театрында 8-март — Аялдардын эл аралык майрамына карата 700гө жакын айымдын катышуусунда салтанаттуу иш-чара өттү.
Майрамдык салтанатка Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, анын орун басарлары, район акимдери, ошондой эле Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдында түзүлгөн «Аялдар жана үй-бүлө» боюнча коомдук кеңешинин төрайымы Айкөкүл Мырзакаримова жана облустун бардык аймактарынан чакырылган айымдар катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө облус жетекчиси сөз сүйлөп, айымдарды 8-март майрамы менен куттуктап, аялзаты коомдун өнүгүшүндө жана үй-бүлөнүн бекемдигин сактоодо маанилүү роль ойной турганын белгиледи.
Анын айтымында, аялзатынын сулуулугу, акылмандыгы жана эмгеги миңдеген жылдардан бери даңазаланып келет.
Салтанаттын жүрүшүндө бир катар алдыңкы айымдарга облус жетекчисинин атынан белектер тапшырылды.
Майрамдык иш-чара Р. Абдыкадыров атындагы облустук филармониянын кызматкерлери жана белгилүү ырчылар тарабынан даярдалган концерттик программа менен уланды.