Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтомуна ылайык бекитилген “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө Жобого” акыркы өзгөртүүлөр киргизилди. Ага ылайык, 2025-жылдын 1-июлунан тартып жер мунапысын колдонууга байланыштуу жарандардын арыздарын кабыл алуу токтотулат.
Жер мунапыс – бул жарандардын жеке турак жай куруу же үй-бүлөлүк көмөк чарба жүргүзүү максатында көп жылдар бою пайдаланылып келген, бирок расмий түрдө мыйзамдаштырылбаган жер тилкелерин мыйзамдуу каттоого алуу мүмкүнчүлүгүн берүүчү мамлекеттик механизм болуп эсептелет.
Аталган мунапыс Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен ишке ашып, жарандардын мүлктүк укуктарын коргоого жана мыйзамдуулукту бекемдөөгө багытталган. Анын алкагында миңдеген үй-бүлөлөр жер участкаларын расмий каттатып, тиешелүү укуктук документтерге ээ болушту.
Маанилүү эскертүү!
Жер тилкесин мыйзамдаштырууну каалаган жарандар 2025-жылдын 30-июнуна чейин тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылып, керектүү документтерин тапшыруусу зарыл. Арыздарды кабыл алуу мөөнөтү узартылбайт!
Бул кадам жарандардын укуктарын жана мүлктүк коопсуздугун камсыз кылуу менен бирге, жер пайдалануу тартибин жакшыртууга жана коомдогу мыйзамдуулукту чыңдоого багытталган.