Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаевдин Ош облусунун 57 айыл аймагында жана 4 шаарында өткөрүлгөн эл менен жолугушуулары жыйынтыкталды.
Бул элдик жыйындар Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасынын алкагында 2026-жылдын 12-майынан 25-июнуна чейинки күндөр аралыгында өткөрүлдү.
Эл менен жолугушууларга миңдеген жарандар катышып, алардын ичинен 1600дөн ашууну микрофонго чыгып, ар кандай көйгөйлөр менен жеринде кайрылышты.
Жергиликтүү тургундар тарабынан көтөрүлгөн маселелердин басымдуу бөлүгү социалдык багыттагы, жеке мүнөздөгү, ошондой эле экономикалык жана инфраструктуралык маселелер болду. Аларга жер жана турак жай маселелери, сугат суунун жетиштүүлүгү, жер мунапысы, жайыт жерлерин пайдалануу, инфраструктураны жакшыртуу, коопсуздукту камсыз кылуу сыяктуу актуалдуу суроолор кирди.
Аманкан Кенжебаев ушул жолугушуулар учурунда эле көптөгөн маселелерди жеринде чечип берүүгө же тиешелүү тизмеге киргизип, алардын чечилишине көз салууга мүмкүнчүлүк түздү. Ошол эле учурда, укук коргоо органдарынын кызматкерлери да миндеген жарандарды жеке кабыл алып, алардын көйгөйлөрүн угуп, жеринде чечүү аракеттерин көрүштү.
Бул жолугушуулар ЭлТР, УТРК Ош теле каналдары жана өкүлчүлүктүн фейсбуктагы расмий баракчасы аркылуу түз эфирде кеңири чагылдырылды. Ошондой эле Facebook, Instagram, YouTube сыяктуу социалдык тармактардан да көрсөтүлдү. 61 аймакта өткөн түз эфирдеги жолугушууну болжол менен 366 миң көрүүчү көрүп, облустун актуалдуу маселелери боюнча маалымат алышты.
Маалымат: КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы