Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп Раимбачаева Винера Калыбековна дайындалды

05.10.2026  13:52

46

Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп Раимбачаева Винера Калыбековна дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп Раимбачаева Винера Калыбековна дайындалды.

Тиешелүү тескемеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Жаңы дайындалган орун басар облустун жетекчилерине, район акимдерине жана мекеме-ишканалардын жетекчилерине тааныштырылды.

Белгилей кетсек, буга чейин орун басардын кызматын Талантбек Арстанкулов аркалап келген.

🏛️ Маалымат: КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы