Тегерек стол: "Кыргыз жараны" улуттук биримдик концепциясын талкуулоо Ош облусунда

12.08.2026  18:34

430

Тегерек стол: "Кыргыз жараны" улуттук биримдик концепциясын талкуулоо Ош облусунда

Бүгүн, 12-август күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын демилгеси менен, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиги тарабынан иштелип чыккан "Кыргыз жараны" улуттук биримдик концепциясынын долбоорун аймактык деңгээлде талкуулоо максатында тегерек стол жыйыны өттү.

Бул маанилүү окуя 2027–2031-жылдарга диний жана этностук чөйрөлөрдөгү өз ара мамилелерди бекемдөөгө багытталган.

Тегерек столго Ош облусунун райондук администрацияларынын жетекчилеринин орун басарлары, облустук мекемелердин жетекчилери, ошондой эле райондук билим берүү жана социалдык коргоо мекемелеринин башчылары катышып, алдыдагы беш жылдыкка арналган жаңы долбоорду ар тараптуу талкуулашты.

Катышуучулар долбоордун максаттарын, милдеттерин жана ишке ашыруу механизмдерин терең талдап, аймактын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен тиешелүү сунуштарды беришти.

Бул жыйын "Кыргыз жараны" концепциясын ишке ашыруудагы аймактык деңгээлдеги биримдикти жана өз ара аракеттенүүнү чыңдоого кошкон салым катары бааланууда.

🏛️ Маалымат: КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы