2025-жылы Ош областынын прокуратура органдары тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен 34 доо арыз келтирилип, мамлекеттин пайдасына 22 184 000 сомдук жер тилкеси кайтарылган.
Прокуратура органдарындагы эң негизги артыкчылыктуу тармактарынын бири болуп бул жер мыйзамдары эсептелет.
Прокуратура органдарынын жер мыйзамдарынын сакталышы боюнча көзөмөлдөө иштерине жалпылоо жүргүзүүдө, көбүнчө жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жер мыйзамдарын бузуу фактылары орун алып жаткандыгы байкалат.