Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жарандарды жеке кабыл алды. Кабыл алууга район акимдери онлайн форматта катышты.
Кабыл алуунун жүрүшүндө жарандардын жер тилкесин каттоо, турак жай, пенсия, эмгек акы, майыптык, сот жана укук коргоо органдарынын иши боюнча кайрылуулары каралды.
Ыйгарым укуктуу өкүл ар бир кайрылууну жеке угуп, мыйзам чегинде чечүү жолдорун түшүндүрдү.
Тиешелүү маселелер боюнча Ош облустук сотунун төрагасына, облустук прокуратурага, Ош облустук ички иштер башкармалыгына, район акимдерине жана айыл өкмөт башчыларына тапшырмалар берилип, аткарылышы көзөмөлгө алынды.
Маалымат: КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы