Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жарандарды кабыл алды

22.09.2026  18:11

59

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жарандарды кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев бүгүн, 22-сентябрда, жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алды.

Кабыл алууга Ош облусунун райондорунан келген тургундар катышты. Жарандар социалдык жана укуктук мүнөздөгү маселелерди көтөрүштү.

Кайрылуулардын негизги тематикасы:

Жер маселелери — жер тилкелерин берүү, жер талаштары, этникалык кыргыздарга жер ажыратуу жана үй салууга уруксат берүү;

Турак-жай жана мүлк маселелери — мыйзамсыз сатуу, башка адамдар тарабынан ээлеп алуу фактылары;

Сот чечимдери — сот чечимдерине макул эместик боюнча кайрылуулар;

Билим берүү — билим берүү мекемесине ат ыйгаруу маселеси;

Ишкердик ишмердүүлүк — коңшу мамлекетке көмүр жөнөтүүдөн келип чыккан карыз маселеси.

Аманкан Кенжебаев ар бир жарандын кайрылуусун кунт коюп угуп, бардык маселелер мыйзам чегинде каралаарын белгиледи. Көтөрүлгөн маселелер боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырмалар берилип, көзөмөлгө алынды.

🏛️ Маалымат: КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы