Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү мыкты бүтүрүүчүлөрдү кабыл алды

27.07.2026  09:14

79

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү мыкты бүтүрүүчүлөрдү кабыл алды

Белгилей кетсек, Ош облусунда 2025-2026-окуу жылы бир топ алгылыктуу жетишкендиктер менен жыйынтыкталды.

Жалпы республикалык тестирлөөгө облусубуздан 9038 окуучу катталса, анын 8959у катышып, 5749 окуучу босого баллдан өттү. 204 окуучу 200 баллдан жогору жыйынтык көрсөттү.

Эң жогорку көрсөткүч менен Кара-Суу районунун 3 окуучусу “Кыргыз Республикасынын Президентинин сыймыгы” сертификатына ээ болушту.

Бүгүн, 23-июль күнү Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев мыкты жыйынтык көрсөткөн окуучуларды жана аларды даярдаган мугалимдерди кабыл алып, ыраазычылык кат жана баалуу белектерди тапшырды.

Ыраазычылык кат менен сыйлангандар:

Мектеп жетекчилери:

1. Тайтокур уулу Абдилабал - ОшМУнун "Кара-Суу" гимназиясынын директору

2. Жаркынбаев Алмазбек Сайназарович - "СТАР" билим берүү комплексинин директору

ЖРТда жогорку балл алган бүтүрүүчүлөр:

1. Жуматаева Гүлпери Адилбековна - ОшМУнун "Кара-Суу" гимназиясы, 234 балл. Планшет менен сыйланды

2. Сайназарова Сайкал Алмазбековна - "СТАР" билим берүү комплекси, 229 балл. Смартфон менен сыйланды

3. Ашимжанова Аяна Миназбековна - "СТАР" билим берүү комплекси, 228 балл. Смартфон менен сыйланды

Жолугушууда Аманкан Кенжебаев жаштарга акыл насаатын айтып, билимге умтулуу, эмгекчилдик жана мекенчилдик жөнүндө баяндап, алдыдагы окууларына жана жашоо жолундагы кадамдарына ийгилик каалады. Ошондой эле жаштардын мындай ийгилиги - бул мугалимдердин эмгеги жана билим берүүнүн сапатынын көрсөткүчү экенин белгилеп, келечекте дагы чоң жеңиштерди каалады.

Сыйлыгыңыздар кут болсун! Алдыда дагы бийик чокуларды багынтасыздар! 🇰🇬

🏛️ Маалымат: КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы