Бүгүн, 12-октябрда Кыргыз Республикасынын Президенти, Куралдуу Күчтөрдүн Башкы колбашчысы Садыр Жапаров Ош шаарындагы 2024 аскер бөлүгүнүн аймагында жайгашкан Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплексинин ачылышына катышты.
Чек ара инфраструктурасын жаңылоонун алкагында аскер шаарчасы толук реконструкцияланды. Штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт зал, клуб, кампалар, автопарк капиталдык оңдоодон өттү. Аскер кызматчылары үчүн көп кабаттуу жатакана, мончо-кир жуучу комплекс, кичи футбол аянтчасы, теннис корту, машыгуу аянтчалары курулду.
Ошондой эле ички жолдор, жарыктандыруу, тосмолор жаңыртылып, аймак көрктөндүрүлдү.
Бардык курулуш иштери республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү.
Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, акыркы беш жылда чек ара инфраструктурасын чыңдоо, курал-жарак жана техниканы жаңыртуу, жаңы заставаларды куруу боюнча масштабдуу иштер жүрүп жатат.
Маалымат: КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы