Ысык-Көл облусунун Бостери айылында өткөн VIII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун жана XII Кыргыз-Россия региондор аралык конференциясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев Россия Федерациясынын Омск облусунун Өкмөтүнүн Төрагасынын биринчи орун басары Андрей Шпиленко менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Ош жана Омск облустарынын ортосундагы кызматташуунун учурдагы абалын жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын талкуулап, аймактар аралык өнөктөштүктү чыңдоого өз ара кызыкдар экендигин белгилешти.
Аманкан Кенжебаев Омск облусунун жетекчилигине Кыргыз-Россия экономикалык форумуна катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, Ош облусунун жетекчилиги алмашканына карабастан, Россиянын аймактары менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүү багыты өзгөрүүсүз каларын белгиледи. Ошондой эле мурда жетишилген макулдашуулар жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга бекем негиз болоорун айтты.
Жолугушууда агроөнөр жай тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, өнөр жай кооперациясы, соода жана логистика, билим берүү, илим жана инновациялар, ошондой эле туризм жана гуманитардык байланыштарды кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Ыйгарым укуктуу өкүл Ош облусунун түштүк Кыргызстандагы ири транспорттук-логистикалык борбор катары мүмкүнчүлүктөрүнө токтолуп, Омск облусунун ишкер чөйрөсүн инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга жана Борбордук Азиянын рынокторуна чыгуу үчүн Ош облусунун потенциалын активдүү пайдаланууга чакырды.
Мындан тышкары, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча биргелешкен ишканаларды түзүү, өндүрүштүк кооперацияны өнүктүрүү, жогорку окуу жайлар аралык кызматташууну кеңейтүү, адистерди даярдоо жана биргелешкен туристтик долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Жолугушуунун соңунда Аманкан Кенжебаев Омск облусунун делегациясын 2027-жылы өткөрүлө турган «Салам, Ош!» эл аралык туристтик фестивалына катышуу үчүн Ош облусуна расмий сапар менен келүүгө чакырды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана Ош менен Омск облустарынын ортосундагы достук байланыштарды жаңы деңгээлге чыгарууга даяр экендиктерин ырасташты.
Маалымат: КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүн басма сөз кызматы