Бүгүн Ош шаарында Ош шаарынын күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев катышып, шаар тургундарын майрамы менен куттуктады.
Өз сөзүндө облус башчысы Ош шаарынын өлкөбүздүн тарыхындагы, маданий жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү орду өзгөчө экендигин белгилеп, шаардын өнүгүшүнө салым кошуп келе жаткан ар бир жаранга ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле облус башчысы Ош шаарынын мэри Жанар Акаевге жана мэриянын жамаатына шаарды өнүктүрүү жолундагы иштерине ийгилик каалап, Ош шаарынын мындан ары да гүлдөп-өнүгүшүнө тилектештигин билдирди.
Майрамдык салтанатка Ош шаарынын боордош шаарларынан келген коноктор катышты.
Маалымат: КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы