2026-жылдын 25-сентябрында Ош мамлекеттик университетинин чоң жыйындар залында Архив кызматынын 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматынын Ош региондук башкармалыгы тарабынан уюштурулду.
Салтанатта Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнист Толтоев, Архив кызматынын төрагасы Нуркыз Базарбаева, Ош облустук сотунун төрагасы Эрлан Асанов, Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков, ошондой эле ардагерлер жана архив кызматкерлери катышты.
Иш-чара Архив кызматынын ишмердүүлүгү тууралуу видеоролик менен башталып, Ош региондук башкармалыгынын начальниги Бактыбек Алайчиев тарабынан ачылды.
Аманкан Кенжебаев архив кызматынын мамлекеттүүлүктү сактоодогу орду өзгөчө маанилүү экенин белгилеп, кызматкерлерди 100 жылдык мааракеси менен куттуктады.
Иш-чаранын жүрүшүндө архив тармагында көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенген кызматкерлер сыйланды.
Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан 3 Ардак грамота жана 100 миң сомдук акчалай сертификат тапшырылды.
Иш-чара салтанаттуу концерттик программа менен коштолду.
Маалымат: КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы