Ош облусунун инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү кыргыз-орус аймактар аралык кызматташтык боюнча тегерек столдо сунушталды

10.08.2026  09:40

63

Ош облусунун инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү кыргыз-орус аймактар аралык кызматташтык боюнча тегерек столдо сунушталды

2026-жылдын 7-августунда Ысык-Көл облусунда өткөн XII Кыргыз-Россия аймактар аралык конференциясынын алкагында «Россия менен Кыргызстандын аймактарынын соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгы. Мыкты тажрыйбаларды тааныштыруу» аттуу тегерек стол болуп өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кенжебаев Аманкан Батырбекович катышып, Ош облусунун инвестициялык жана өнөр жай потенциалын тааныштырды.

Өз сөзүндө ыйгарым укуктуу өкүл аймактар аралык кызматташтык бүгүнкү күндө кыргыз-орус экономикалык мамилелеринин негизги кыймылдаткыч күчүнө айланып жатканын белгиледи. Ал ошондой эле Ош облусу Россия Федерациясы менен түзүлгөн өнөктөштүктү мындан ары дагы кеңейтүүгө өзгөчө маани берерин айтты.

Баяндамада Ош облусунда ийгиликтүү ишке ашырылып жаткан бир катар келечектүү долбоорлор сунушталды. Алардын катарында пахтаны кайра иштетүүдөн баштап даяр кийим чыгарууга чейинки толук циклдүү текстиль өндүрүшү, агроөнөр жай кластерлерин өнүктүрүү, өнөр жай кооперациясы, фармацевтика жана биотехнология тармагындагы долбоорлор, ошондой эле транспорттук-логистикалык мүмкүнчүлүктөр кеңири тааныштырылды.

Ошондой эле россиялык өнөктөштөргө Ош облусунда өндүрүштөрдү локалдаштыруу, кайра иштетүү тармагына инвестиция салуу, логистика, илимий-технологиялык кызматташтык жана Евразия экономикалык бирлигинин рыногуна биргелешип чыгуу боюнча сунуштар берилди.

Иш-чаранын соңунда Кенжебаев Аманкан Батырбекович Россиянын аймактарынын өкүлдөрүн Ош облусуна келип, жеринде ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышууга жана өз ара пайдалуу инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга чакырды.

🏛️ Маалымат: КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүн басма сөз кызматы