Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаев кеңейтилген жыйын өткөрдү

30.04.2026  18:09

149

Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаев кеңейтилген жыйын өткөрдү

28-апрель Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кенжебаев Аманкан Батырбековичтин төрагалыгы астында Ош облусунда жана Ош шаарында жол-транспорт кырсыктарынын көбөйүшүнө байланыштуу кеңейтилген жыйын өткөрүлдү.

Жыйынга, Ош шаарынын вице-мэри Э.М. Толтоев, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өкүлдөрү, райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары – акимдер, облустук жана шаардык укук коргоо органдарынын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана тиешелүү мекемелердин жетекчилери катышты.

Тактап айтканда, 2026-жылдын алгачкы төрт айында облус аймагында жол-транспорт кырсыктарынын саны өсүп жатканы белгиленип, алардын негизги себептери ар тараптуу талданды. Айдоочулардын жол эрежелерин сактабагандыгы, ылдамдыкты ашыруу, мас абалында унаа башкаруу, ошондой эле жөө жүргүнчүлөрдүн жоопкерчилигинин төмөндүгү негизги факторлор катары белгиленди.

Кеңешменин жүрүшүндө жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге баа берилип, алдын алуу чараларын күчөтүү, түшүндүрүү иштерин активдештирүү, көзөмөлдү катуулатуу жана жол инфраструктурасын жакшыртуу боюнча милдеттер коюлду.

Өзгөчө кооптуу тилкелерди аныктап, аларда кошумча белгилерди орнотуу, жарыктандырууну жакшыртуу жана видеобайкоо системаларын кеңейтүү зарылдыгы белгиленди.

Облустук жана райондук мекеме-ишканалардын жетекчилеринин карамагындагы кызматтык автоунааларды жана атайын техникаларды мыйзамдарда белгиленген талаптарга ылайык пайдалануу боюнча тапшырмалар коюлду.

Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик унаалардын жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу боюнча комплекстүү жана ыкчам чараларды көрүү, кызматтык унаалардын коопсуздугун камсыздоо тапшырылып, ар бир жетекчиге жеке жоопкерчилик жүктөлдү.

Ошондой эле кабыл алынган чечимдердин аткарылышын туруктуу көзөмөлдөө жана коомчулук менен тыгыз иш алып баруу зарылдыгы баса белгиленди.

****

КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы