Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мирлан Орозбаев жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алды.
Кабыл алууга Ош облусунун ар кайсы райондорунан келген жарандар катышып, социалдык, жер, турак-жай, жол, таза суу, электр энергиясы, жумушка орношуу, ошондой эле укук коргоо органдарына тиешелүү маселелер боюнча кайрылышты.
Мирлан Орозбаев ар бир жарандын кайрылуусун угуп, көтөрүлгөн маселелерди жеринде чечүү боюнча тиешелүү район акимдерине, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик мекемелердин жана укук коргоо органдарынын жетекчилерине тапшырмаларды берди.
Айрым кайрылуулар мыйзам чегинде каралып, көзөмөлгө алынды.
Белгилей кетсек, жарандарды кабыл алуу ар жуманын шейшемби күндөрү саат 14:00дө үзгүлтүксүз улантылат.
Маалымат: КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы