Ош облусунда туризм тармагындагы ишкерлер үчүн практикалык семинар өткөрүлдү

14.10.2026  12:00

294

Ош облусунда туризм тармагындагы ишкерлер үчүн практикалык семинар өткөрүлдү

Бүгүн, 14-октябрда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын демилгеси менен туризм тармагында иш алып барган ишкерлер жана аталган багытта ишкердик ачууну пландап жаткан жарандар үчүн практикалык семинар өткөрүлдү.

Иш-чарага Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Мирлан Орозбаев, тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, атайын чакырылган эксперттер жана туризм тармагындагы ишкерлер катышты.

Семинардын ачылышында Мирлан Орозбаев бүгүнкү иш-чаранын негизги максаты туризм тармагындагы ишкерлердин көйгөйлөрүн эске алуу менен, аларга колдонуудагы мыйзамдардын талаптарын түшүндүрүү жана ишкердикти мыйзамдуу жүргүзүү боюнча практикалык жардам көрсөтүү экенин белгиледи.

Ошондой эле ал ишкерлерге керектүү маалыматтарды бир жерден алуу мүмкүнчүлүгүн түзүү жана туристтик объектилерди уюштурууда келип чыккан маселелерди чечүүгө көмөктөшүү маанилүү экенин баса белгиледи.

Семинардын жүрүшүндө туризм тармагындагы салык маселелери, жеңилдетилген насыяларды жана гранттык программаларды алуу мүмкүнчүлүктөрү, туристтик объектилерди куруу үчүн жер тилкелерин ижарага алуу тартиби, убактылуу курулмаларды курууга уруксат берүүчү документтерди алуу маселелери боюнча маалыматтар берилди.

Мындан тышкары, суу объектилеринин жээктеринде курулуш жүргүзүүгө коюлган талаптар, туристтик аймактарда санитардык-гигиеналык шарттарды камсыз кылуу, ажатканаларды орнотуунун ченемдери, ошондой эле туристтик объектилерди курууда жана пайдаланууда экологиялык органдардын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана мамлекеттик экспертизанын тиешелүү корутундуларын жана макулдашууларын алуу жол-жоболору талкууланды.

Катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн жана эксперттерден практикалык жоопторду алышты.

Белгилей кетсек, туризм тармагындагы ишкерлерге практикалык колдоо көрсөтүү, административдик жол-жоболорду түшүндүрүү жана туристтик ишмердүүлүктү мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүүгө көмөктөшүү Ош облусунда туризмди өнүктүрүүдөгү маанилүү багыттардын бири болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты мындан ары да ишкерлер менен мамлекеттик органдардын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого жана туризм тармагын өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдоого көңүл бурат.

🏛️ Маалымат: КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы