Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 17-ноябрындагы “2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын “Саламат жүрөк” Улуттук программасы” жөнүндөгү №314 Жарлыгына жана 29-сентябрь Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнө карата Ош облусундагы мекеме-ишканалардын кызматкерлерин “Саламат жүрөк” ЧекАп модулу боюнча акысыз текшерүүдөн өткөрүү иш-чарасы башталды.
Бул иш-чара жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алуу жана эрте аныктоону күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жана Ош облусу боюнча саламаттык сактоонун координатору менен биргеликте уюштурулду.
Текшерүү учурунда кан басымды өлчөө, салмак-бойду аныктоо, кандагы канттын деңгээлин жана жүрөктү электрокардиаграмма аркылуу текшерүү менен тажрыйбалуу адистерден кеңештер берилип, туура тамактануу, физикалык активдүүлүктү күчөтүү жана сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жогорудагы “Саламат жүрөк” (2025-2030) Улуттук программасынын иш-чарасы 2026-жылдын 23-сентябрына чейин төмөнкү мекеме-ишканаларда улантылат:
- Ош электр тармактар ишканасы
- Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы (УКС)
- Архитектура, курулуш жана ТКЧ мамлекеттик агенттигинин Ош облустук архитектура-курулуштук контролдоо башкармалыгы (ГАСК)
- Ош регионалдык шаар курулушу жана архитектура башкармалыгы
- Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары жана түштүк региону боюнча ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо башкармалыгы иштери жүргүзүлөт.
Маалымат: КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы