Ош облусунда Мугалимдер күнү белгиленди

02.10.2026  18:06

37

Ош облусунда Мугалимдер күнү белгиленди

2-октябрь – Мугалимдер күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев билим берүү тармагынын өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттуктады.

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө облус жетекчиси мугалимдик кесип – эң ардактуу жана жоопкерчиликтүү кесип экендигин белгилеп, жаш муунду тарбиялоодо, билим берүүдө жана коомду өнүктүрүүдө мугалимдердин эмгеги баа жеткис экендигин баса белгиледи.

Майрамга карата билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенип, жаш муундарды окутуп-тарбиялоодо зор салым кошкон 32 мугалимге Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамотасы тапшырылды.

Ошондой эле көп жылдар бою билим берүү тармагында эмгектенип, учурда ардактуу эс алууда болгон ардагер мугалимдерге акчалай сыйлыктар берилди.

Иш-чара майрамдык маанайда өтүп, мугалимдерге чың ден соолук, чыгармачылык ийгилик жана ишине албан-албан ийгиликтер кааланды.

🏛️ Маалымат: КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы