Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынан өлкө башчысынын 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 «2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө» Жарлыгын аткаруу багытында комплекстүү иштер жүргүзүлүүдө.
Бул максатта Өкүлчүлүктүн №52-189 буйругу кабыл алынып, облустук иш-чаралар планы бекитилген. Бүгүнкү күндө аталган план бардык райондук мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБО) органдарына жана мекеме-ишканаларга аткаруу үчүн жөнөтүлүп, анын алкагында Стратегиянын I этабы (2025–2027-жылдар) ийгиликтүү ишке ашырылып жатат.
2026-жылдын III кварталынын жыйынтыгы боюнча облус аймагында төмөндөгүдөй негизги багыттар боюнча системалуу жыйынтыктар камсыз кылынды:
1. Коррупциянын алдын алуу жана уюштуруу-координациялык иштер
- Ички көзөмөл күчөтүлдү: Облустун бардык райондорунда деталдаштырылган иш-пландар бекитилип, Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңештердин туруктуу жыйындары өткөрүлүүдө.
- Тобокелдиктер аныкталды: Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарында коррупциялык тобокелдиги бар кызматтардын атайын тизмеги бекитилип, үзгүлтүксүз тактоо иштери жүрүүдө.
- Жүрүм-турум стандарттары бекитилди: КР Министрлер Кабинетинин тескемесин аткаруу максатында, Өкүлчүлүктүн 2026-жылдын 25-сентябрындагы №52-186 буйругу менен аппараттын кызматчыларынын коррупцияга каршы жүрүм-турум стандарттары күчүнө кирди. Кызматкерлерден этика нормаларын сактоо милдеттемелери алынып, өздүк делолоруна тиркелди.
2. Санариптештирүү жана адам факторун азайтуу
- Санариптик кызматтар кеңейтилди: «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу көрсөтүлүүчү кызматтардын көлөмү көбөйтүлүп, жарандардан талап кылынган маалымкаттардын тизмеси кыскарды.
- «Инфодокс» системасы: Райондордо жана ЖӨБО органдарында электрондук документ жүгүртүү толугу менен санарипке өткөрүлүп, бардык түзүмдөрдүн расмий веб-сайттары үзгүлтүксүз иштеп жатат.
3. Коомдук коопсуздук жана «Коопсуз шаар» долбоору
- Видеобайкоо тутуму: Ош ОИИБдин Санариптик көзөмөл борборуна облус боюнча ондогон ички жана сырткы камералар туташтырылды.
- 350 жаңы камера: КР ИИМ тарабынан Ош облусуна жалпы 350 даана видеобайкоо камерасы бөлүнүп, райондорго бөлүштүрүлдү (Алай – 36, Араван – 36, Кара-Кулжа – 36, Кара-Суу – 90, Ноокат – 59, Өзгөн – 69, Чоң-Алай – 24 даана).
- Инфраструктура: Камераларды орнотуу үчүн 110 даана атайын столбалар бөлүнүп, Ноокат районунда толук орнотулду. Калган райондордо бул иштер үстүбүздөгү жылдын октябрь айында аяктоо алдында турат.
4. Финансылык тартип жана сатып алуулардын ачыктыгы
- Ачык-айкындуулук: Бардык тендердик жол-жоболор жана мамлекеттик сатып алуулар мыйзамга ылайык Мамлекеттик сатып алуулар порталында ачык жарыяланууда.
- Маалыматка жеткиликтүүлүк: Калкка акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтери жана прейскуранттары мекемелердин кире беришине илинип, жергиликтүү басылмаларга дайыма чыгарылып турат.
- Коомдук угуулар: Жергиликтүү бюджеттердин ачыктыгын камсыз кылуу үчүн айыл аймактарда коомчулуктун жана депутаттардын катышуусунда талкуулар өз убагында өткөрүлүүдө.
5. Коомчулук менен байланыш жана коррупцияга каршы маданият
- Атайын бөлүмдөр: Райондордун жана айыл өкмөттөрүнүн веб-сайттарында «Коррупцияга каршы аракеттенүү» бөлүмдөрү ачылып, отчеттор системалуу түрдө жаңыланууда.
- Кер байланыш: Жарандардын даттанууларын ыкчам кабыл алуу максатында ишеним телефондору жана атайын кутучалар жолго коюлуп, ар бир кайрылуу мыйзам чегинде каралууда.
Президенттин № 137 Жарлыгынын Ош облусунун аймагында аткарылышы КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын өзгөчө көзөмөлүндө. Мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын камсыз кылуу жана жарандардын ишенимин жогорулатуу багытындагы иш-чаралар мындан ары да туруктуу улантылат.