Ош облусунда 2026-жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйын өттү

27.07.2026  09:15

95

Ош облусунда 2026-жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйын өттү

Бүгүн, 2026-жылдын 24-июлунда, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаевдин төрагалыгы алдында Ош облусунун социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн 2026-жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы жана 2026-жылдын экинчи жарым жылдыгына милдеттер боюнча коллегиялык жыйын болуп өттү.

Жыйында облустун 1-жарым жылдык көрсөткүчтөрү кылдат талданып, ар бир тармак боюнча аткарылган иштердин жыйынтыктары жана орун алган кемчиликтер каралды.

Аманкан Кенжебаев жыйындын жүрүшүндө төмөнкүдөй маанилүү тапшырмаларды берди:

Эки айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгү жогору бааланып, кызматкерлерине ыраазычылык билдирилди.

Салык кызматынын кызматкерлеринин аткарган иши жогору бааланып, ыраазычылык айтылды.

Билим берүү тармагынын жетекчилерине билимдин сапатын жогорулатуу боюнча катуу тапшырмалар коюлду. Мурдагы жылга салыштырмалуу билимдин деңгээлин изилдөө жана көтөрүү милдети жүктөлдү.

Медициналык кызматтын жетекчилерине адистердин жетишсиздигин жоюу боюнча конкреттүү чараларды көрүү тапшырмасы берилди.

Гидрометеорологиялык кызмат кызматкерлерине катуу талаптар коюлду.

Ошондой эле, жакында боло турган Көчмөндөр оюндарына облустун даярдыгын күчөтүү зарылдыгы белгиленди.

Жыйындын соңунда ыйгарым укуктуу өкүл башка дагы бир катар тармактар боюнча да кечиктирилгис чараларды көрүү зарыл экендигин баса белгилеп, катуу талаптарды койду.

Жыйынга райондук жана шаардык мамлекеттик администрациялардын башчылары, шаарлардын мэрлери, айыл өкмөттөрүнүн башчылары, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын, статистика бөлүмдөрүнүн, салык кызматынын райондук башкармалыктарынын жана билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышышты.

🏛️ Маалымат: КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы