2026-жылдын 6-августунда VIII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун жана XII Кыргыз-Россия региондор аралык конференциясынын алкагында Кыргыз Республикасынын бардык облустарынын, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынын өндүрүштүк жана экспорттук потенциалын чагылдырган көргөзмө-экспозиция уюштурулду.
Көргөзмөгө ар бир аймак өзүндө өндүрүлгөн продукцияларды, кайра иштетүү тармагындагы жетишкендиктерин жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн сунуштады.
Ош облусунун экспозициясында аймактын өнөр жай, айыл чарба жана кайра иштетүү тармактарынын мүмкүнчүлүктөрү кеңири тааныштырылды. Конокторго тоо балы, кургатылган мөмө-жемиштер, салттуу курут, улуттук суусундуктар жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн башка экологиялык таза азыктары сунушталды.
Экспозицияда өзгөчө көңүл «Бир айыл – бир продукт» (ОСОП) программасынын алкагында өндүрүлгөн продукцияларга бурулду. Алардын катарында кургатылган мөмө-жемиштер, барбарис чайы жана жергиликтүү чийки заттан даярдалган жогорку кошумча наркка ээ болгон башка продукциялар көрсөтүлүп, Ош облусунда кайра иштетүү тармагынын өнүгүүсүн жана чакан ишкердиктин мүмкүнчүлүктөрүн даана чагылдырды.
Ошондой эле көргөзмөдө түштүктөгү ири цемент өндүрүш ишканаларынын продукциялары, медициналык буюмдарды чыгарган «Медимпекс» ишканасынын жана тиричилик химиясын өндүргөн «Мирана» компаниясынын өндүрүмдөрү сунушталды. Мындан сырткары, пахта-текстиль тармагындагы жана улуттук кийиз буюмдарын өндүргөн кол өнөрчүлөрдүн эмгектери да келген коноктордун кызыгуусун жаратты.
Көргөзмө аймактар аралык кызматташтыкты чыңдоого, инвестиция тартууга жана кыргыз өндүрүшчүлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн эл аралык өнөктөштөргө таанытууга өбөлгө түздү.
Маалымат: КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүн басма сөз кызматы