Ош облусу менен Иркутск облусунун ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду

10.08.2026  09:34

60

Ош облусу менен Иркутск облусунун ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду

2026-жылдын 6-августунда Ысык-Көл облусунун Бостери айылында Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев менен Россия Федерациясынын Иркутск облусунун Губернатору Игорь Кобзевдин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгүнүн алкагында аймактар аралык кызматташтыкты мындан ары чыңдоо маселелерин талкуулашып, соода-экономикалык, инвестициялык, өнөр жай, айыл чарба, кайра иштетүү, логистика, туризм, билим берүү, саламаттык сактоо жана кадрларды даярдоо багыттарындагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурушту.

Жолугушуунун жыйынтыгында Ош облусу менен Иркутск облусунун ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Аталган документ эки аймактын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ишкердик байланыштарды кеңейтүүгө, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга жана тажрыйба алмашууга бекем негиз түзөт.

Иш-чаранын соңунда тараптар салттуу түрдө белектерди алмашып, кол коюлган макулдашуу эки аймактын ортосундагы достук мамилелерди мындан ары дагы бекемдөөгө жана жаңы биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга өбөлгө болоруна ишеним билдиришти.

🏛️ Маалымат: КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы