Ош облустук сотунда 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы жана эл менен жолугушуулардын натыйжалары талкууланды

21.08.2026  16:25

153

Ош облустук сотунда 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы жана эл менен жолугушуулардын натыйжалары талкууланды

Бүгүн, 21-август күнү 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында Ош облусунун сот системасынын ишинин жыйынтыктары жана жарандардын кайрылуулары боюнча талкуу өткөрүлдү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, Ош облустук сотунун төрагасы Эрлан Асанов, Ош шаарынын мэри Жанар Акаев, Ош шаарынын прокурору Бакытбек Сыдыгалиев, облус прокурору Чыңгыз Ахматов, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Нурланбек Бурканов жана ЖМК өкүлдөрү катышты.

Эрлан Асанов, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында жергиликтүү соттор тарабынан аткарылган иштерге токтолуп, сот адилеттигин сапаттуу жана өз убагында жүргүзүү, жарандардын сотко болгон ишенимин жогорулатуу, сот процесстеринин ачыктыгын камсыз кылуу жана соттордун ишинин натыйжалуулугун арттыруу багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Жыйындын жүрүшүндө соттук иштердин саны 2,9%га көбөйгөнү, бирок сот актыларынын туруктуулугу 98,9%га жеткени белгиленди. Бул көрсөткүч сот адилеттигинин сапатын жогорулатуу багытында аткарылган иштердин натыйжалуулугун далилдейт.

Аманкан Кенжебаев иш-чарада аймактагы мыйзамдуулукту чыңдоо, сот системасынын ишинин сапатын жогорулатуу жана жарандардын кайрылууларын өз убагында чечүү маселелерине басым жасады. Ошондой эле, ал мамлекеттик органдардын коррупцияга каршы натыйжалуу күрөшүүсүн жана коомдук тартипти сактоодогу тыгыз кызматташтыгын белгиледи.

Талап-сунуштарды эске алуу менен, сот практикасын өркүндөтүү жана сот адилеттигин сапаттуу жүргүзүү боюнча бир катар пикирлер айтылды.

🏛️ Маалымат: КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы